17.05.2020 16:32

Москвадан чартердик каттам менен 379  кыргызстандык мекенине келатат

Москвадан чартердик каттам менен 379  кыргызстандык мекенине келатат

Бүгүн, 17-майда Москвадан Бишкекке кыргызстандын жарандары чартердик каттам менен жолго чыгышты. Учакта  379 адам бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.

Жүргүнчүлөр арасында 116 адам оор абалдагы бейтаптар (онкологиялык оорулар, бөйрөк, жүрөк оорулары ж.б.), 27 адам коштоп баргандар, 8и ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген,  38 адам жаш курагы өтүп калгандар, 78 кош бойлуу аял, 77 жашы жете элек балдары менен  ата-энелер, ошондой эле жатаканадан келген 35 жаран бар.  Бардык бейтаптардын тиешелүү документтери болгон», - деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Тизме коомдук комиссия аркылуу бекитилген.

Ал эми чыгып кеткен жарандардын тизмесин сурагандарга элчилик жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамга ылайык жарандарынын жеке маалыматтарын алардын макулдугу жок  жарыялоого укугу жок экендигин билдирет.

Кыргызстанга кетүү үчүн 1000 ашык оор абалда ооруп жаткан, кош бойлуу аялдар, кичинекей балдар жана карыялар кезек күтүп жатышат. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жарандарды чыдамкайлыкка чакырат. Россиядан Кыргызстанга чартердик каттам уюштуруу боюнча коомдук комиссия менен Штаб иш улантып жатат.